super.kg logo

Ысык-Көлдө 14 жаштагы кызды сатуу фактысы боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда 14 жаштагы кызды сатуу фактысы боюнча териштирүү иштери аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

“Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда. Аны учурда Ысык-Көл облустук прокуратурасы кароодо. Кызды сатып алган “күйөөсүнө” КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (17 жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары толук аяктай элек. Жакынкы убакыт аралыгында күнөөлүүлөр жоопко тартылышмакчы”,- дейт С.Усубакунов.

Эске салсак, Боом капчыгайындагы “Жол-Булак Евразия” кафесинде официант болуп иштеп жүргөн 14 жаштагы Мээрим аттуу кызды 15 миң сом жана 1 койго күйөөгө сатып жиберген. Ал кызды кафенин ижарачысы Элиза жана анын күйөөсү Канат аттуу жарандар Нурлан аттуу айдоочу кишиге күйөөгө берип салышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.01.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Еч кандай айдоочу киши емес еле ,28деги жигит ,ал куноолуу емес болсо керек да,жашын сураса 19дамын дептир,тиги саткандар да 1995жылкы дешиптир,озу чон бойлуу кыз екен деп келген менин жолдошум,ептеп тие калып ,ачуу басарын жибергенден кийин баса берген ушинтип кун коргон кыздар бар екенин унутпасак,анан да 2айдан бери издебеген ата енеси издегенине танмын ,ал кыз боом капчыгайында кытай камаздарына кызмат корсоткон кыз деп да айтып атышат ,ошондо издебейт беле дейм да ата енеси,анан да ал балаг
08.01.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alina1984,мен сизге кошулат, тилекке каршы мындай кыздар өтө көп!!!!! Энесине да '' медаль''табыш керек 14жаштагы кызын иштетип анан да эки ай соң издеген!
08.01.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан да ал балага 70000мин берсен ишинди жабабыз деп атышкан екен иш козгогондор,ал ертеси еле кетип калбай 10кун жашап анан мага жакпай калдын деп чыр салыптыр,
11.01.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул учунчу( куйоого ) тийип кеткендегиси екен,ушинтип шабашка кылат екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: