super.kg logo

“Кыргызстанда Эбола вирусунун алдын алуучу санитардык-карантиндик пункттар жетишерлик” дейт адис

 

Учурда Кыргызстанда Эбола вирусунун алдын алуу максатында түзүлгөн 5 санитардык-карантиндик пункт иш алып барууда. Эболага каршы бардык чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бул вирус Кыргызстанга чет өлкөгө барып жугузуп алган адам менен гана келиши мүмкүн. Азыркы тапта санитардык-карантиндик пункттар Бишкектеги “Манас” жана Оштогу эл аралык аба майданында, Эркеч-Там-Торугарт унаа өтмөгүндө, темир жолдо жайгаштырылган. 2016-жылга чейин андай пункттардын санын 12ге жеткирүү пландалууда. Белгилеп айта кетчү нерсе, бул миңдеген адам өмүрүн алган вирус Африка аймагына таандык болуп калды. Ал вирус көбөйүү жана тароо үчүн ага таандык климат, абанын температурасы жана ландшафт керек. 

Бүгүнкү күндө бул ооруну козгоочу 5 вирус бар. Африкада жарганат, шимпанзе, маймыл, токой эликтери сыяктуу жапайы жаныбарлар көп. Жергиликтүү калк көп учурда аларды кармап жейт. Азыркы тапта бул оорудан ал жаныбарлар да өлүүдө. Мисалы, Эболадан өлгөн жарганат жерге түшөт, аны келемиштер же башка жаныбарлар жешет. Аны адамдар кармап жешет, анан алар ооруп, бири-бирине жугузууда”,- дейт Н.Үсөнбаев.  

Белгилүү болгондой, бул вирус адамдын тери, шилекей, көз жаш жана башка денесинен чыгуучу суюктуктар аркылуу жугат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.01.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кузундо бир сыналгыдан кордум эле! Ажыдан келе жаткандарды.Кыргыздын "Аба майдын ичине киргенден кийин"Адамдар менен аралашыып кеткенден кийин жанагы текшеруучу нерсе менен текшерип журушот эле!Ал эми тжиктер менен гозбектерде ошондой шектуу же кооптуу деген! "Учакты" ! Аба майданга келгенден кийин жургунчулорду тушурбой текшериип жатышат.!!! Бул оорунун биринчи белгилери адамдын "ысытмасы" кучоп жогору деенгелдеги экенин байкоого болот экен! Кыргыздар коншулардан улгу алса!!!
08.01.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдын ала деле текшергени жакшы да.качан жугуп кеткенде текшербей..
08.01.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атын өчкур вирустан кыргызстанымы кыргыз элими Аллах өзу сактасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: