super.kg logo

Бишкекте үй-бүлө чебин бекем курууга багытталган "Бар үмүтүм сенде" аттуу тасма көрсөтүлдү

 
Тасманын каармандарын ойношкон жаш актёрлор.
Тасманын режиссёру Турусбек Жумалиев.

Бүгүн, 8-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде жашоо чындыгын чагылдырган “Бар үмүтүм сенде” аталышындагы көркөм тасманын бет ачары болду. Фильмдин башкы каармандарын Нурсултан УрматовНаргиза ОсмоноваЗалкар Карымшаков,Эльвира Жумалиева жана башкалар ойношкон.

Тасмада 4 баланын энеси, психикалык жактан жабыр тартып, үй-бүлөсүн санаага салган 40 жаштагы Назик аттуу айымдын жашоосу чагылдырылган. Жашагысы келбей, ачуусу бат келип, күнүгө жаңжал чыгарган ал акыры ооруканага жаткырылат. Буга чейин Назик жасап келген үй жумушу, балдарды кароо өңдүү түйшүктөр күйөөсү Адиске жүктөлөт. Тагдырдын берген сыноосуна сынбай, Адис кайраттуулугу менен кыйынчылыкты жеңип, мээрими менен аялын айыктырып, үй-бүлөсүн сактап калат.

Аталган фильмдин сценарийинин автору жана режиссёру - КРнын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев. “Тасма кыргызстандыктар өздөрүнүн үй-бүлөлүк пирамидасын бекем куруп, эч качан ажырашпай жашашса деген максатта жаралды. Үй-бүлөнүн башына оорчулук түшсө, андайда жубайлар ажырашып кетишет. Тасма менен кыйынчылыктарга баш ийбей, аларды жеңсе, баары өз нугуна түшөрүн көрсөтүүнү көздөдүк. Фильмди көргөн көрүүчүлөр балдарын тирүүлөй жетим калтырбай, аларга туура тарбия берип, кыйынчылыктарын эч кимге билгизбей жашап, кыз-жигит болуп жүргөн кездеги сүйүүсүн өмүрүнүн аягына чейин сактап калат деген үмүттөмүн. Тасма алты ай тартылды. Ага досторум, санаалаштарым мүмкүнчүлүктөрүнө жараша каражат беришип, демөөрчү болушту”,- дейт Турусбек Жумалиев. 

Буга чейин кыска метраждуу фильмдерге тартылып келген, башкы каармандын ролун жараткан Нурсултан Урматов: “Мен өзүмдөн улуу каармандын образын жараттым. Тасмадагы жубайым менден улуу көрүнөт. Мени бул ролго бекитишкенде театр чеберлери ооруган аял күйөөсүнөн бир топ улуу көрүнүп каларын айтышты. Ошондуктан чындыкка дал келген каармандар болушту. Өзүмдүн каарманымдан тарбия алдым, бул жашоодо камкор ата, мээримдүү күйөө болсоң, баарын жеңсе мүмкүн экенине ынандым”,- дейт.






"Бар үмүтүм сенде" тасмасынын трейлери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.01.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узундусун кордум жакшы кино тарбиялык маанси зор,Айрыкча жаштарга сабак болсун. Бугун уйлонуп эртен эле ажырашып жатышпайбы.
Медиа-портал
11.01.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпады,артистердин суйдогондору жасалма
11.01.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: