Жылнаама, 9-январь: Мындан 33 жыл мурун Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон төрөлгөн
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы Сакиш атка конгон актриса, куудул Айнура Турганбаева Аламүдүн районунун Стрельников айылында төрөлгөн. Мектепти бүтөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Аны аяктаган соң Жаштар театрында иштеп калган. Сакиш деп аталып калышынын себеби, Марат Жанталиев экөө “Кимдин баласы?” деген спектаклде жубайлардын ролун ойношкон. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш болгон. Ошондон кийин көпчүлүк аларды Сакиш, Бопуш деп атап калышкан.

Фабиан бала кезинен эле ырчы болууну кыялданып, музыка, бий ийримдерине катышып келген. 14 жашынан атасынын гитара чертүүсү алдында клубдарда ырдап, андан соң европалык музыкалык сынактарга катыша баштайт. Ырчы катышкан сынактардын эң эле абройлуусу "Евровидение" сынагы болгон. 1988-жылы "Евровидение" сынагына Люксембургдун атынан катышып, 4-орунду алган.

* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Дагестандын Кизляр шаарында Салман Радуевдин согушчандары төрөткана менен бейтапкананы басып алышып, 3700 адамды туткундашкан. Террорчулар Чеченстандан Орусиянын армиясынын чыгып кетүүсүн талап кылышкан эле.
9-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.