super.kg logo

Жаңы жылдан бери тамак-ашка болгон баалар 2 сомдон 15 сомго чейин кымбаттады

 
Азамат Досуев, сатуучу.

Жаңы 2015-жыл тамак-ашка болгон баалардын өсүшү менен башталды. Учурда базарда 2014-жылдын декабрь айындагы баалар менен бүгүнкү күндөгү баалардын айырмасы байкаларлык эле. Себеби айрым азык-түлүктөрдүн баасы 10-15 сомго чейин өскөн. Сатуучулардын айтымында, баалар Бажы союзуна кирүүгө жана доллардын курсуна байланыштуу өсүүдө.

Жаңы жыл алдында күрүчтүн 1 килограммынын баасы 70 сомдон 150 сомго чейин болсо, жаңы жылдын башында анын баасы 5 сомдон 10 сомго чейин кымбаттады. Пияздын баасы (килограммы) буга чейин 25-27 сомго чейин болсо, азыркы баасы 30 сомду түзүүдө. Капустанын 1 килограммы буга чейин 20 сомдон сатылса, учурда анын баасы 28-30 сомдун тегерегинде. Картошканын 1 килограммы жыл жаңырар алдында 20-23 сомдун тегерегинде болсо, азыр 25 сомдон сатылууда. Орусиядан алынып келинүүчү өсүмдүк майынын 1 литринин баасы 1-1,5 сомго чейин кымбаттаган. Кызыл кызылча өткөн жылдын соңунда 23-25 сомдон болсо, азыр анын 1 килограммынын дүң баасы 30 сомду түзүп, сатыкка чыккан баасы 40 сомго чейин жетти. Томат пастасынын килограммы буга чейин 95 сомдон болсо, азыр ал 98 сомдон сатылууда. Ошондой эле айрым жер-жемиштердин баасы кичине түшкөндөй. Банандын 1 килограммы Жаңы жыл майрамынын алдында 200 сомго жеткен, учурда 100-110 сом. Киви буга чейин 150 сомдон сатылса, азыр 120 сомдун тегерегинде. Ал эми алманын 1 килограммы 40 сомдон 70 сомго чейин сатылып жатат.     

“Учурда капуста жана пиязга болгон баа өсүп кетти. Себеби азыр пиязды казакстандыктар кымбатыраак баада дүңүнөн сатып алып кетишүүдө. Ал эми капустанын дээрлик бөлүгү Тажикстанга кетип жатат. Ошол себептен улам алардын баасы бир аз өсө түштү. Бирок 1 жумадан кийин алардын баасы түшүшү мүмкүн. Азыр ишенич жок, себеби доллардын курсу күн санап өсүүдө”,- дейт базарда көп жылдан бери сатуучу болуп иштеген Азамат Досуев.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
08.01.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Россияда да мынчалык кымбат эмес. Россиядагыдай айлык берилгенде да бул баалар биздин элге туура келбейт.
08.01.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казга теңелип карганын буту сыныптыр болбосок болгону.ТСнын алгачкы"мөмөлөрү"бул болсо анда келечекте кандай күн кечирээр экенбиз???
08.01.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уужас Россияда жашап журо берет окшойбуз
09.01.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы кымбатчылык башталдыбы
09.01.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россиядан продукты жөнөтөт окшойбуз... горох,гречкалар арзан го.
09.01.2015. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LEDI7MERI, туура айтасыз мен кумшекер берип жиберген элем жугун оор экен деп жол акысын кобуроок бергем да бирок ошентип жиберейли Москвадагы туугандар
09.01.2015. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
A bizdin Uluu Urmattuularybyz pensia myncha %, ailyk myncha % kotoruldu dep maktanyp atyshpaiby baa kotorulup jatkanyn, İNFLYASİAny esepke alyshpai!!!
09.01.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банан ташыш керек экен 110 сом дейтго кг . Бул жакта 45- 50 кг
09.01.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээ туугандар. Паника салбагылачы. Жылда эле кышында ушундай болот баалар. Сатуучулардын запасы азая баштаганда... Жазында эле кайра арзандайт
09.01.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамдын напсисинен бул. Анан да Ар башка дуконго киресин ары башка баа коюп алышкан. Мында да напси тойбогондор кымбаттата беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: