Кыргызстандын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо кирди
Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган бул мыйзам Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулуусуна байланышкан мыйзамдардын пакетине кирет, ага ылайык, Кыргызстандын Салык кодексинин кээ бир ченемдери Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирилет. Тактап айтканда, Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагында чарба субъекттеринин ишинин алкагында кыйыр салыктарды башкаруунун жаңы эрежелери киргизилет. Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу келишимге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:10
2025-07-24
18:31
2025-07-24

8:11
2025-07-24

Рейтинг:
0

