Спорт агенттиги кышкы каникул учурунда окуучуларга ат минип эс алууну сунуштайт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 19-январга чейин кышкы каникулга чыккан мектеп окуучулары үчүн эс алуунун бир түрүн сунуштайт. Тактап айтканда, 9-январдан 19-январга чейинки аралыкта окуучулар атка минип эс ала алышат. Бул үчүн акы алынбайт. Муну аталган агенттиктен кабарлашты.
Өлкөдө ат спортун жайылтуу, мектеп окуучуларын сергек жашоого үндөөгө багытталган иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар атка туура минүү эрежелерин көрсөтүп, жылкы тукумуна байланышкан кызыктарды айтып беришет.
Окуучуларга атка минүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн акция Олимпиадалык резервдин ат спорту боюнча адистештирилген мектебинде өтөт (дареги: Элебесов көчөсү, 204 “А”). Ага 11 жаштан 17 жашка чейинки курактагы окуучулар бара алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
4ever_Young

09.01.2015. 12:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай жайлар барбы КРде?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.