super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Мугалимдерге жыл соңунда кошумча айлык (13-айлык) берилеби?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мугалимдер мурда айлыкты директордун колунан алышчу. Азыр болсо банк картасы менен алып калышкан. 2014-жылдын декабрынын аягында бардык мугалимдерге “13-айлык” деп, карталарга көп акча которулган. Бардык мугалимдер абдан кубанычта. Сурайын дегеним, эмне үчүн мурда директордун колунан айлык алганда Жаңы жылдын алдында мугалимдерге “13-айлык” берилбей келген же бул өзгөрүү биздин улуу урматтуу президентибиздин иштегенинин жыйынтыгыбы? Суроо калтырган jass00.

Жооп: - Жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарында "13-айлык" жок. Жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарында түрткү берүүчү фонд түзүлгөн. Анын 10 пайызы бюджеттик каражаттын эсебинен, 10 пайызы жалпы билим берүү уюмдарынын структурасын, окуу пландарын оптималдаштыруунун натыйжасында арткан каражаттардын эсебинен. Түрткү берүүчү фонд ар квартал сайын төлөнөт. Ал эми карточка менен төлөө КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майынын 289/5/1-токтому менен жүргүзүлөт.

Суроого билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
09.01.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу окмот тушунуксуз жооп береби же кыргызча ушундай болуп калабы? Туртку беруучу фонд деген не? Ал тууралу маалымат неге бербеди?
09.01.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
түшүнктү эле болуп турат. Түрткү берчү фонд - бул стимул берүүчү фонд десе болот. Мисалы мугалимдер жакшы иштеши үчүн кошмча акча стимул болуп турат.
09.01.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдердин айлыктарын чын эле которуш керек. Баардык адистердин сапаты, мектептен коз каранды.
09.01.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2011 ден эле башталган менин билишимче. Бул 13 айлык эмес. Стим. гранттан болунгон акча да.
10.01.2015. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден суроомо жооп алсам болобу? Мен мугалиммин, бирок азыркы учурда Москвада иштеп журом, , билейин дегеним мугалимдердин айлыгы саатына канча болуп калды, башкача айтканда орточо айлык акы канча? Акыркы жолу 2005-жылы иштегем ошондон бери иштей элекмин.Ишти улантам го буйруса, , Кыргызстанга барсам
12.01.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sharipa-asia, Саламатсызбы!
Сурооңузду төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, тема ачып калтырып койсоңуз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=103
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: