super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт

 

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 10-январда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Власов, Месарош, Дэн Сяопин, Кара-Кум көчөлөрүндө, Улахол тар көчөсүндө, Бакай-Ата конушунда көмөк чордондун оңдолушуна байланыштуу электр жарыгына чектөө киргизилет. 

Саат 09:30дан 13:00гө чейин 4-кичи районундагы №1, 5, 7, 8-көп кабаттуу үйлөрдө башкы эсеп алуучу жабдууларды оңдоо жана №1213, 101-көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Горький, Ленин, Подгорная, Южная, Советская, Колхозная, Нарынская, Бегельдинов, Ала-Тоо, Кооперативная, Больничная, Аптечная, Первомайская, Каракол, Ай-Булак көчөлөрүндө, Зелёная тар көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Саат 11:00дөн 14:00гө чейин Восток айылындагы Ленин, Советская, Энгельс, Мирная, Сейтек, Семетей, Кыргызстандын 60 жылдыгы, Озёрная, Степная көчөлөрүндө, Лебединовкадагы Мичурин, Восточная, Северная, Чапаев, Киров, Комсомольская, Октябрьская, 8-Март, 9-Май, Пионерская көчөлөрүндө, Ленин, Победа чоң көчөлөрүндө “Кашка-Суу” жана “Нур” көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.01.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумарык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: