Аба ырайы, 13-январь: Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт

13-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын
айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз
жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен
облустарында айрым жерлерге туман түшөт. Жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
кошулду
Автор: Бекжан Рыскулов
Чүй облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -7°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +8°C, түнкүсүн +1°C
Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -13°C, түнкүсүн -22°C
Бишкек шаары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -4°C
Эскертүү!
12-13-январь аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Бишкек-Талас, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.