super.kg logo

Жылнаама, 13-январь: Мындан 55 жыл мурун ырчы, обончу Чубак Сатаев туулган

 
* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы кыргыз элинин таланттуу уулу, ырчы, обончу Чубак Сатаев Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болгон ырчы 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен. Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калат. Жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен.
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы эгемен Кыргызстандын тарыхында, кийин арбын кездешкен кезектеги басып алуу аракети Ош облустук сотунда жасалган. Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо чуулгандуу чыр чыгып, акыры сот жана жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен ал андан да алоолоно тутанган. Ош облустук шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктүгүндө үчүнчү орунду ээлеген талапкер Абдымиталип Приизди айыл өкмөтүнүн башчысы деп чечим чыгарышы кырдаалды ого бетер курчуткан. Окуянын мындай өнүгүшүнө нааразы болгон анын атаандаштары өз жактоочулары менен А.Приизди Папан айыл өкмөтүнүн имаратына киргизбей, андан соң алар Ош облустук сотунун имаратын басып алууга аракет жасашкан.
* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы англиялык актёр Орландо Жонатан Бланчард Блум Англиянын Кэнтербери шаарында туулган. Ал 4 жашка чыкканда атасы каза болуп калып, эжеси Саманта менен Орландону тарбиялоо түй­шүгү жалгыз апасында калган. Апасы ага музыка, театр жөнүндө көп айтып бергендиктен, Орландо театр менен өтө эле эрте "ооруган". 16 жашка чыкканда өз шаарын таштап, актёрлук билим алуу үчүн Лондонго келген. "Шакектер шаасы", "Кариб деңизинин каракчылары", "Троя", "Элизабеттаун", "Шаарлар", "Нью-Йорк, мен сени сүйөм!" жана башка тасмаларга тартылган.
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы Азербайжандын борбору Баку шаарында жашаган армяндарга карата массалык талоон, өрттөө, өлтүрүү башталган. Миңдеген адамдардын үй-жайлары тонолуп, 220 миңге чамалуу армяндар тышка качышкан. 
13-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантына таазим! Мындай талант бир гана жолу жаралат окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: