"Балдарга карата зомбулукка каршы атайын программа керек" дейт депутат Сасыкбаева
Өлкөдөгү жаш балдардын зордук-зомбулукка кабылып жатканы парламенттин 15-январдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Асия Сасыкбаева жыйында балдарга карата камкордук чараларын күчөтүү керектигин белгиледи. "Биз балдарга билим эле эмес, татыктуу таалим-тарбия да беришибиз керек. Өкмөт бул багытта тезинен атайын программа иштеп чыгып, ырааттуу ишке ашыра баштоого тийиш",- деди депутат. Башка эл өкүлдөрү да акыркы учурдагы төрөт үйлөрүндөгү наристелердин алмашып кетип жаткан фактыларды ортого салышты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:10
2025-07-24
18:31
2025-07-24

8:11
2025-07-24

Рейтинг:
0

