Түнкүсүн Бишкектеги бир катар кичи райондордо электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкектин түштүк кичи райондорунда бүгүн, 16-январдан 17-январга караган түнү саат 00:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Абдыкалыков" жогорку чыңалуудагы көмөк чордондогу оңдоо иштерине байланыштуу борбордун 4-кичи районундагы №1-8, 14-16-үйлөрүндө, 7-кичи районундагы №17-22, 25-28, 29-32, 45-49-көп кабаттуу үйлөрдө, 8-кичи районундагы №28-30, 35-42, 45-47, 77-83-көп кабаттуу үйлөрдө жана 3-кичи районунда электр жарыгы өчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.