Лейлектеги чек ара заставасына жоокердин кол салганы аныкталып, жоокер чек арачыларга ок чыгарганын моюнуна алды

Баткен облусунун Лейлек районундагы "Айкөл" чек ара заставасына ошол жерде кызмат өтөгөн жоокер кол салганы аныкталды. Кол салуунун бети ачылып, кызмат өтөгөн жоокер ок чыгаргандыгын моюнуна алган. Учурда кол салуунун себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Буга чейин куралдуу кол салууга шектүү катары саналган жоокер жергиликтүү тургун менен 50 миң сомго мелдеше кетип, чек ара тозотунун зардалын атып салганы айтылган. Шектүү чачма октуу мылтык менен аткандыктан, октун чачырандылары эки чек арачыга да тийген.
Айта кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында Лейлектеги чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотунда атылган октон зардал каза таап, эки чек арачы жарадар болгон.

Автоматтын огунан каза болгон деп жазды элего?
Же булдагы жаны жомокбу?
Неси болсо да бир солдаттын жуктолуптур да моюнуна!!!