super.kg logo

Бүгүн Кыргыз Эл артисти Таштанбек Жолдошбековдун сөөгү жерге берилет

 

17-январда КРнын Эл артисти, профессор Таштанбек Жолдошбеков дүйнө салды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 19-январда билдиришти.  

Таштанбек Жолдошбеков 1948-жылы 11-мартта Чүй облусуна караштуу Панфилов айылында туулган. 

Азыркы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жогорку билимге ээ болгон. Ал 1965-жылдан тартып циркте артист болуп эмгектене баштаган. 1979-жылы "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер", андан соң "КРнын Эл артисти" наамына татыган.

1997-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик циркинде башкы директор жана көркөм жетекчи болуп эмгектенген. Анын "Цирк маданияты" аттуу окуу китеби жарыкка чыккан.    

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, цирк кызматкерлери жана өлкөнүн чыгармачыл интеллигенциясы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Таштанбек Жолдошбековдун мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу аза күтүшөт. 

Маркум 19-январда Чүй облусунун Панфилов айылында жерге берилет.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты КРнын Эл артисти Таштанбек Жолдошбековдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.01.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, жакшы байке эле.
19.01.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул адамды тааныбайт экем. суроту менен болсо жакшы болмок. Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: