super.kg logo

Кыргызстан менен Түркия илим жана техника жаатында кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту

 

КРнын Улуттук илимдер академиясынын жана Түркиянын илимий-технологиялык изилдөөлөр кеңешинин ортосунда илим жана техника жаатында кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу КРнын Илимдер академиясынан бүгүн, 20-январда билдиришти. 

Маалым болгондой, келишимге КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев жана Түркиянын “Тюбитак” илимий-технологиялык изилдөөлөр кеңешинин президенти, профессор Южаль Алтунбашак кол коюшту.  

“Тюбитактын” максаты - илимдин жана алдынкы технологиянын өнүгүүсүнө дем берүү, ошондой эле жаш окумуштууларга көмөк көрсөтүү. Агенттик ар түрдүү инновациялык жана изилдөөчү иштер боюнча колдоо көрсөтөт. Тактап айтканда, анын ишинде илим жана алдынкы технологиялар боюнча мамлекеттин саясатын иштеп чыгууга басым жасалат. Ошондой эле университеттердин жана башка уюмдардын изилдөөчү иштерин каржылоо, илимий эмгектерди, китептерди жана журналдарды жарыялоо менен алектенет, студенттерге стипендия бөлөт жана илим жаатындагы окумуштууларга жетишкендиктери үчүн акчалай сыйлык берет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: