super.kg logo

Жылнаама, 21-январь: Мындан 40 жыл мурун мурдагы муфтий, коомдук ишмер Чубак ажы Жалилов туулган

 
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы мурдагы муфтий, коомдук ишмер Чубак ажы Жалилов Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. Чубак ажы Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы "Умм аль-Куро" эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. 
Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийинин кызматын аркалаган. Муфтий болуп иштеп турган убагында коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, муфтийдин, казылардын, башкы имам-хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон.
 
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировщиги", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси, эстрада ырчысы Ильяз Абдыразаков Баткендин Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Анткени экөө тең музыкага жакын адамдар болгон. Атасы гитарада жакшы ойносо, ал эми апасы убагында мектепте музыкадан сабак берген. Ильяз кичинесинен кыңылдап жүрүп, өз алдынча обон чыгарууга аракеттенет. Ошол кызыгуусу түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга аралаша баштаган. 
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы Вьетнам согушунун эң кандуу күрөштөрүнүн бири Кхешанини басып алуу башталган. Анда Вьетнамдын улуттук армиясы менен АКШнын деңиз аскерлери Кхешань аскер базасы үчүн салгылашышкан. Адистердин айтымында, бул салгылашуу Вьетнам согушундагы эң узак убакытка созулган күрөштөрдүн катарына кирген. Кхешанини басып алууда 205 америкалык аскер каза болсо, вьетнамдыктардан 1600дөй аскер каза тапкан. Бирок такталбаган маалыматтар боюнча, вьетнамдыктар тараптан жоготуулар 10-15 миңге жеткен деп айтылат. 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Орусиянын Ставрополь шаарындагы өз үйүндө Хан каймана аттуу "кримавторитет", бизнесмен, 60 жаштагы Владимир Слизаев, аялы, багып алган уулу, кызы, күйөө баласы, айдоочусу жана 2 үй кызматкери кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн 2-кабатта уктап жаткан Слизаевдин 2 небереси гана тирүү калган.
21-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.01.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чубак ажы жаш эле турбайбы. Сакал койсо эле улуу корунуп калат турбайбы. Азамат жаш болсо да акылдуу киши экен.
20.01.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак байке туулган кунунуз куттуу болсун коп жашаныз.Бизди коп женелуу кылыныз
20.01.2015. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажыга кудай дагын да илимин кучотуп ден соолук узун омур берсин ушул ажыны бизге бергенине шугур канчалаган туушандарыбыз Орусиядан туруп сабактарын угуп тасирленип журобуз Аллага шугур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: