super.kg logo

Орусияда "көк патент" алган мигрант документте белгиленген мөөнөткө чейин эмгектене алат

 

Орусияда юридикалык жак катары (юридическое лицо) иштеген чет өлкөлүк жаран анын иштөөгө уруксат кагазында белгиленген мөөнөткө чейин эмгектене алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Орусиянын Миграция кызматынын башчысынын орун басары Анатолий Кузнецов интернет аркылуу түз байланышта билдирди.

Кыргызстандык жаран ага төмөнкүдөй суроо берген: "Мен Кыргызстандан боломун. Менин иштөөгө уруксатым бар. Анын колдонуу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын август айында аяктайт. Мен юридикалык жак катары иштейм. Документтерим уюм аркылуу даярдалган, анткени мага "иштөөгө уруксат кагазы менен юридикалык жакта эмгектенгенге укугуң жок" дешкен. Суроом: текшерүү учурунда колумда кандай документтер болушу керек?"

"Сиз мындай уруксат кагазынын негизинде анын мөөнөтү аяктаганга чейин иштей аласыз. Демек, 2015-жылдын августуна чейин. Андан соң юридикалык жак катары патенттин негизинде эмгектенишиңиз керек. Текшерүү учурунда колуңузда иштөөгө уруксат кагазы же патент (эгер патенттин мөөнөтү узартылган болсо, патенттин мөөнөтүн узартуу жөнүндө квитанция) жана миграциялык карта болушу керек",- деп жооп беришти Миграция кызматынан.

Айта кетсек, Орусиянын жаңы мыйзамдарына ылайык, физикалык жак катары (физическое лицо) эмгектенген мигрантка патент кызыл түстөгү бланкта, ал эми юридикалык жак катары (юридическое лицо) эмгектенгендерге көк түстөгү бланкта даярдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.01.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Патенты, выданные до 1 января 2015 года, подтверждают право законно находящихся на территории Российской Федерации иностранных граждан, прибывших в Российскую Федерацию в порядке, не требующем получения визы, и достигших возраста восемнадцати лет, осуществлять трудовую деятельность по найму у граждан Российской Федерации на 22 основании трудового договора или гражданско-правового договора на выполнение работ (оказание услуг) для личных, домашних и иных подобных нужд, не связанных с осуществлением предпринимательской деятельности, и продолжают действовать в течение срока, на который они были выданы, либо до их аннулирования. При этом срок действия патента продлению не подлежит.
22.01.2015. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Разрешения на работамды узартсам болобу?
18-февралда бутот.
22.01.2015. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Патент тууралу кененирээк маалымат жазып койгулачы,билгендер болсо,сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: