Жылнаама, 22-январь: Мындан 14 жыл мурун “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов 7 жылга эркинен ажыратылган


Эмгек жолун 1982-жылы Токмок медициналык окуу жайында окутуучулуктан баштаган.
1983-1984-жылдары – Кыргыз медицина институтунун дары-дармек каражаттарынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу;
1984-1986-жылдары – Профсоюз комитетинин төрайымы;
1988-1992-жылдары – Токмок медициналык окуу жайынын фармакология боюнча окутуучусу;
1996-2007-жылдары – "Аманат" фирмасынын директору;
2007-жылы – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2010-жылдын октябрында – Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы.

Консуэло Веласкес 1924-жылы 29-августта Мексиканын Сапотлан эль Гранде шаарында туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, таяке-таежелеринин колунда өскөн. Бала чагынан музыкага кызыгып, фортепианодо ойногонду эрте үйрөнөт. Ал Мехикодо музыкалык мектепти аяктап, ошол эле мектепте 15 жашында фортепианодон сабак берип, ырларга музыка жаза баштайт. Консуэло Веласкестин белгилүү “Besame mucho” (“Өпчү мени”) ыры автор тарабынан 1941-жылы 16 жашында жазылган. Ал эми 1944-жылы бул ыр Нью-Йорктогу хит-парадда жеңип чыккан эң алгачкы мексикалык ыр болгон. Андан соң ал ыр бүтүндөй АКШ, Европа, Азия жана Латын Америкасына тарап, хитке айланган. Ошондой эле Консуэло Веласкеске атактуулукту "Amar y vivir" ("Сүйүү жана жашоо"), "Cachito" ("Качито"), "Que seas feliz" ("Бактылуу бол") ырлары да алып келген.

22-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.