super.kg logo

Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери унаа менен Чоң Чүй каналына түшүп кетип, анын бири каза болду

 

Аламүдүн районунда КРнын Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери унаа менен Чоң Чүй каналына түшүп кетип, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-январда саат 09:10до Молдовановка айылындагы №26-колониянын жанында болгон. Анда Митсубиси Галант үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Унаанын ичиндеги Жазаларды аткаруу кызматынын 3 кызматкери өздөрү суудан сүзүп чыгып, 1 адам суудан чыга албай каза болгон. Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана ӨКМнын суучулдарды даярдоо борборунун куткаруучулары барышып, каза болгон адамды жана унааны каналдан чыгарышып, райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.01.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуп калган бечара суу жутуп калып, паника болуп калса керек да. Элестетип коруп кыйналып кетесин, демин кысылып баратканын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: