Оштогу муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын мурдагы жетекчиси К.А. түркиялык компания менен аялдамаларды орнотуу боюнча келишим түзүп, аны ишке ашыруу учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу 10 жарнак тактасын өзүнө чегерип алган. Кийин жасалма документтер аркылуу Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына каттаткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекетке 1,2 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.