super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын инженердик техника сатып алуу үчүн тендер өткөрүлөт

 

Бүгүн, 23-январда саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде саны чектелбеген электрондук сатып алуу усулу менен тендер өткөрүлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тендер министрликтин түзүм-бөлүмдөрүнүн потенциалын жогорулатуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында өтөт. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кредиттик келишимдин негизинде жана ошолорго байланыштуу бөлүнүп берилген акча каражатынын эсебинен, саны чектелбеген электрондук сатып алуу усулу менен тендер атайын инженердик техника каражаттары үчүн болот. Тендердин жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын бардык жарандары байкоо жүргүзүүгө жана катышууга укуктуу. Тендер бүгүн Ош шаарында өткөрүлөт" деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: