Жылнаама, 24-январь: Мындан 50 жыл мурун жазуучу, коомдук ишмер, Англиянын эки жолку өкмөт башчысы Уинстон Черчилль көз жумган
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы акын, жазуучу, сынчы Камбаралы Бобулов каза болгон. Ал 1936-жылы Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген. Анын эмгек жолу 1958-жылы “Ала-Тоо” журналында адабий кызматкер болуп иштөөдөн башталган. Ошондой эле Бобулов 1990-1994-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Анын чыгармалары орус тилинде да жарык көргөн. Ал Хафиздин, И.Чавчавадзенин, каракалпак жазуучусу Бердахтын ырларын жана поэмаларынан үзүндүлөрдү которгон. Камбаралы Бобулов 1959-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, 1995-жылы "Манас эпосуна 1000 жыл", 1996-жылы "Даңк", 2000-жылы "Ош-3000" медалдары, Кыргыз ССРинин жана ВЛКСМ БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери болгон.


Уинстон Черчилль 1874-жылы 30-ноябрда Англиянын Бленхейм ак сарайында туулган. Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1939-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орун ээлеп калган. Саясаттан сырткары Черчиллдин ысымы адабиятта да калган. 1953-жылы 10-декабрда ал адабият тармагындагы "Нобель" сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы "Нобель" сыйлыгын алган).

24-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.