Сокулук районунда уурулукка шектелген жаран кармалды
Сокулук районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда ал 24-январь күнү белгисиз адам үйүнө кирип, 20 миң сом акчасын алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Д.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.