Бишкекте жарандарды китеп окууга чакырган "Окуган троллейбус" аттуу акция өтүүдө
Бүгүн, 28-январда Бишкекте “Окуган троллейбус” аттуу акция өтүүдө. Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул акция №11-троллейбустун маршруту менен саат 09:30да эски автобекеттен башталды. Акциянын жүрүшүндө Жибек Жолу, Манас кең көчөлөрү, Ахунбаев көчөсү тууралуу маалымат берилди. Троллейбустун жүргүнчүлөрүнө адабий китептер таратылып, бир канча китептин бет ачары болду. Акциянын максаты - китеп окууну жайылтуу, шаардагы китепканалар тууралуу буклеттерди тапшыруу, жүргүнчүлөргө жол жүрүү учурунда адабий китептерди таратуу.
Автор: Динара Абдыкадырова
Фото: Динара Абдыкадырова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2026-02-13
17:13
2026-02-13
10:28
2026-02-09
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















