Бишкекте унаа оңдоочу жайдан 40 миң сомдук буюмдарды уурдоого шектелип 2 селсаяк кармалды
Бишкекте унаа оңдоочу жайдан 40 миң сомдук буюмдарды уурдоого шектелген 2 селсаяк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-январь түнү белгисиз жарандар борбордогу унаа оңдоочу жайлардын биринин эшигин талкалап, ууруга киришкен. Алар тарабынан 2 тик көтөргүч уурдалып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 40 миң сомду түзгөн. Бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.М. жана 25 жаштагы П.Б. аттуу селсактар кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.