Депутатка таандык саунаны ижарага алып, көмүскө сойкукана кылып иштеткен жаран жоопкерчиликке тартылат
Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы көмүскө сойкукана катары иштетилген спорттук-көңүл ачуучу жай ижарага берилип келгенин бүгүн, 29-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Белгилүү болгондой, 27-январда сойкукананы аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында аталган жайдын аймагында 2 сауна жана мейманкана бар экени билинип, жыныстык кызмат көрсөткөн 7 кыз кармалган. Алар өз кызматы үчүн саатына 3000-4000 сом алганы айтылган.
"Мыйзамдуулукту бузуу, ижарага алынган имаратта жыныстык кызмат көрсөтүүгө көмүскө жайды уюштуруу жана кармоо боюнча ижарачы жоопкерчиликке тартылат",- деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 27-январда борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда спорттук-көңүл ачуучу жайлардын бирине текшерүү жүргүзүлүп, анда көмүскө сойкукананын иштеп жаткандыгы аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов бул жай анын менчиги экенин ырастаган, бирок аны ижарага берип койгондугун баса белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
RNA78

29.01.2015. 10:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жазаны биринчи ээсинен башташ керек. Эгерде ээси депутат болбой жонокой жаран болгондо, аны да кошо жоопко тартат эленер.
Модератор RNA78 түзөттү 2015-01-29 10:51:00
Jakai89

29.01.2015. 11:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээси депутат болбогондо сауна ачылбайт эле сауна ачыш оной беле ишо кыздардын майанасы 4000 болгондон кийин крышават этет ошон учун ошонтип иштешет
Fili-07

29.01.2015. 12:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркектерибиз чекеден анги болуп баратышса,оз карындаштарына, жеендерине,небереси менен тен кыздарга,жадакалса 2жашар эркек наристелерди аяшпаса,кыздарыбыз сойкулук менен оз жандарын багып калышса, деги Кыргызстандын келечеги барбы??????
saulet2009

29.01.2015. 16:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балык башынан сасып бийликтегилер озубуздун кыздарыбызды сатып кунун коруп жатышканы баарына белгилууда бирок эч ким каршы эч нерсе колдонбойт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.