Жылнаама, 30-январь: Мындан 53 жыл мурун ЖКнын экс-депутаты, маркум Тынычбек Акматбаев төрөлгөн


Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы "Мугалимдер газетасына" жарыяланган "Мугалимге" аттуу ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары гезит-журналдардын беттерине басыла баштаган. Т.Кожомбердиев - республикабыздын бир нече жолку поэтикалык сынактарынын жеңүүчүсү. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен жарык көргөн. Анын айрым ырлары орус, украин, казак, беларусь, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган. Турар Кожомбердиевдин 70тен ашуун ырына обон жазылган. 1970-жылы акынга "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" аттуу ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган.



* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Токиодон учуп чыккандан жарым сааттан кийин Боинг 707-323 С жүк ташуучу учагы Тынч океандын аймагында жоголуп кетип, табылбай калган. Бул реактивдүү учак жоголгон жалгыз жана авиациянын тарыхындагы табышмактуу окуя катары тарыхта калган.
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы румын-австралиялык "Аурул" компаниясынын заводунан Дунай дарыясына 100 миң метр кубдан ашуун иштетилген металлдардын калдыгы жана цианид агып кеткен. 2 миллиондой киши ичүүчү суусуз калып, өтө көп сандагы жапайы жаныбарлар, канаттуулар кырылган. Дарыядан 100 тоннадан ашуун өлгөн балыктар чыгарылып, бул катастрофаны "экинчи Чернобыль" деп аташкан.
30-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.