Жылнаама, 31-январь: Мындан 104 жыл мурун болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга туулган



Кайсы мезгилден тартып ал көзү ачыктык кыла баштаганын эч ким так айта албайт. Ванганын касиети акырындык менен байкала баштайт. Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванганын феноменин чейрек кылымдан бери иликтеп, 7000ден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилейт. Ванганын айткандарынын кокусунан дал келип калуусу 80 пайыздан жогору экен деген жыйынтыкка келген. Айтылып жаткан 80 пайызга даңкы жер жарган саясатчылар да кирген. Сталиндин өлөрүнө жарым жыл калганда да Ванга Иосиф Виссарионовичтин көз жумарын алдын ала айткан. Анысы үчүн дароо эле түрмөгө камалат. Бирок жарым жылдан кийин чындап эле Сталин каза болгондо Ванга кайра боштондукка чыккан.

Робер Маршан 1911-жылы 26-ноябрда төрөлгөн. Бала күнүнөн тарта велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенүүнү кыялданганы менен, аны бул спорт секцияларына кабыл алышкан эмес. Натыйжада айдоочулук кесипти аркалап жүргөн. Велоспорт менен олуттуу түрдө машыгууну пенсияга чыккан соң гана баштаган.
31-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.