Депутаттар коррупция менен күрөшүү боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалыматын угушту
Парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитети 2-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жогорку окуу жайлардагы 2014-окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүсүнүн жыйынтыгын укту.
Аталган кызматтын төрагасы Бактыбек Аширов маалымат берди. Текшерүүлөр Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Кыргыз-орус билим берүү академиясында жүргүзүлгөнү айтылды. Абитуриенттерди кабыл алуу үчүн акча суралганы тууралуу маалыматтар түшкөнү менен, эч ким арыз жазбаганы, ошондуктан эч кандай кылмыш иши ачылбаганы айтылды.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы билим берүү системинде аталган кызмат тарабынан 18 кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:17
2025-07-25
22:10
2025-07-24
Рейтинг:
0

