11 жыл бою дайынсыз болуп келген кыргызстандыкка Орусиядагы жердештери жардам көрсөтүшүүдө



11 жыл бою дайынсыз болуп келген кыргызстандык жаран Муса Маматовго Орусиядагы жердештери жардам көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди. Анын айтымында, бүгүн ал өзү убактылуу кармоочу жайда отурган М.Маматов менен жолугуп келген. "Ал жерде Кыргызстандын дагы 4 жараны бар экен: экөө өзбек улутундагы, экөө кыргыз улутундагы жарандар. Кыргыздардын бири жаш жигит, башкасы айым экен. Аларга тамак-аш, жуунууда керек болгон каражаттарды, сакал алуучу буюмдарды жеткирип бердим. М.Маматовго анын бул жердеги жердештери үч сыйра кийим жана акча даярдап беришкен, ошону да тапшырып келдим",- деди Абжамилов.
А.Абжамилов аталган убактылуу кармоочу жайдагы дарыгерлер менен сүйлөшкөндө, алар "кыргызстандыктар Орусияда бири-бирине жакшы мамиле кылып, жардам беришет экен" деп таң калышканын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында 11 жыл бою дайынсыз болуп келген кыргызстандык Маматов Муса Карабаевич тууралуу маалымат чыккан. Ал 1964-жылы 13-февралда туулган, апасы Оштун Жапалак айылында борбордук мечиттин артында жашайт. М.Маматовдун айтуусу боюнча, апасы Калбү 84 жашта. Биринчи аялынан 2 уулу жана экинчи аялынан 1 кызы бар. Уулдары Данияр 24 жашта, Орозбек 22 жашта, кызы Аяна 19 жашта.
Анын Бурятияда селсаяктар менен тентип жүргөндүгү да айтылган. Мекендештерибиз аны биринчи аялы менен сүйлөштүргөндө, ал айымды сөгүп, "кызымды тапмайынча мага чалба" деген. Андан соң Муса Маматов токойго жумушка кетүүнү көздөп, акыркы эки ай ичинде кайда экени белгисиз болгон. Диаспора өкүлдөрү менен байланышка чыккан анын кызы Аяна атасын издеп, өзү жашап жаткан Красноярск шаарына алып кетем деген. Кийин М.Маматов табылып, ага депортациялоо сунушталганда, өзүн өзү өлтүрүүгө даяр экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
bazar

06.02.2015. 17:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну көзөмөлдөп Жапалака чейин бирөө карап келбесе, орто жолдон дагы селсаяктарга кошулуп кетип калышы мүмкүн. Алымбек, кызынабы же балдарына дайындап кой.
bazar

06.02.2015. 17:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колуна акчаны бекер берипсин. Иркутск-Ош каттамына самолетко билет алып келип салып жибер өзүң эле.
33SUUN

06.02.2015. 19:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
11жыл селсаяк болсо,11 жылдан бери корушпогон аялын телефондон урушса,озумду олтуром деп бизди коркутса ...кобуроок эркелеп жаткан жокпу бул киши?
zezim2000

07.02.2015. 10:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсызбы.Алымбек Абжамилов сиздерден суранат элем убактылуу жайда кармалган жаш баланы да тактап бере аласызбы?себеби мындан 5 жыл мурда 1989 жылы туулган Толкун деген бала москва шаарынан жоголгон бугунку кунго чейин ар тараптуу кайрылуулардан жыйынтык чыкпай келет.жардам берип койунуздарчы апасы уулун ойлоп коп ооруйтурган болгон.рахмат
saltanat.

07.02.2015. 12:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миң жолу жазып ийипсиз го.
Fili-07

07.02.2015. 15:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кишинин кете турган туру жок уйуно.
Aidar.001

07.02.2015. 22:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал жакта эркелебей 84 жаштагы эненизге келип батасын алыныз,ошондо жолунуз ачылат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.