Бишкекте доллар дагы кымбаттады, 1 долларды сатуу 61 сомдон ашты
Бишкекте доллардын курсу көтөрүлүүдө. Борбор шаардагы акча алмаштыруу жайларында бүгүн, 6-февралга карата 1 долларды сатып алуу 61 сом болсо, сатуу 61 сом 40 тыйынга чыкты. АКШ валютасынын бул көрсөткүчкө чыгышы Кыргызстанда алгачкы жолу катталып жатат. Ал эми орус валютасынын курсу төмөндөп, 1 рублду сатып алуу 92 тыйынга бааланса, сатуу 93 тыйындын тегерегинде болууда. 1 еврону сатып алуу 69 сом 80 тыйынга бааланса, сатуу 70 сом 30 тыйынга чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Мындай кылабыз деген адам жокко!