Ысык-Көл. Ак-Суу районунда картошка унун чыгаруучу завод ишке кирет
КРнын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы картошканы кайра иштетүүчү “Тунук-Курулуш” ишканасынын курулушу менен таанышып чыгышты. “Чындыгында, бул ишкананын курулушунун башталганы эң жакшы жөрөлгөлөрдүн бири, себеби айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү - учурдун талабы”,- деди Оторбаев. Аталган ишкана Түштүк Кореянын колдоосу менен курулууда. Ишкана иштеп баштаса, суткасына 10-12 тонна картошканы кайра иштетип, анда картошка унун өндүрүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

