super.kg logo

Ош шаарында 2016-жылы таза суу маселеси толугу менен чечилет

 

Ош шаарында 2016-жылы таза суу маселеси толугу менен чечилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ак-Тилек аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Шаардын олуттуу маселелеринин бири - элди таза суу менен камсыз кылуу. Бул маселе узак мезгилдерден бери чечилбей келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Инвестиция тартуу жолу менен шаарыбыздагы керектөөчүлөрдү таза суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн көп аракеттер жумшалды. Жыл башынан бери мэриянын Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыгыбыз өзүнүн жакшы жыйынтыгын берип, алар менен биргеликте азыркы учурда сыйымдуулугу 6000 куб метр болгон жаңы 2 резервуардын курулушу башталса, ушул эле сыйымдуулуктагы 1 резервуарды реабилитациялоо иштери жүрүүдө. Бул долбоордун жалпы суммасы 103,1 миллион сомду түзөт. 2016-жылдан тартып шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси толук чечилет”,- деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында аталган аймактын тургундары таза суу, бала бакча маселеси боюнча суроолорун калаа башчысына түз берип, тиешелүү жоопторун алышты. Ал эми шаар мэри шаардагы аткарылган жана аткарыла турган жумуштар жөнүндө элге дайым маалымат берип турарын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.02.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадырбаевты да озум билемдик кылып суу чыгарган деп интерполго берип жибербейт бекен эми?,жакшы жумуш аткаргандар жоопко тартылат го бизде!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: