super.kg logo

Жылнаама, 8-февраль: Мындан 87 жыл мурун легендарлуу “Жаздын он жетинчи ирмеми” тасмасындагы Штирлицтин ролун жараткан Вячеслав Тихонов туулган

 
* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы Бишкектеги биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушу бүткөн. 12 кабаттуу турак үй Тынчтык проспекти менен Айни көчөсүнүн кесилишине салынып, анын жер төлө жана биринчи кабатында ашкана, "Балдар дүйнөсү" деп аталган дүкөн, майда эмерек оңдоочу жайлар орун алган. Кыргызстан, айрыкча борбор шаар орун алган жер жогорку сейсмикалык аймакка киргендиктен, бул убакытка чейин мындай көп кабаттуу үйлөр курулбай келген.
* Мындан 87 жыл мурун, 1928-жылы легендарлуу “Жаздын он жетинчи ирмеми” тасмасындагы Штирлицтин ролун жараткан Вячеслав Тихонов Москвада туулган. Тихонов баш-аягы 50дөн ашуун тасмага тартылган. “Жаздын он жетинчи ирмеми” аттуу сериал болочок актёрду болуп көрбөгөндөй атактуулукка жеткизген. Ошол кезде сериалды бир гана Тихонов үчүн көргөн айымдардын саны чексиз болгон. Аталган сериалда Тихонов чалгынчы Исаев-Штирлицтин ролун жеткиликтүү ойной алгандыгы үчүн "СССРдин Эл артисти" деген сыйлыкка ээ болгон. Жакындары жана жоро-жолдоштору үчүн Вячеслав ысымы өчүп, Штирлиц деген жаңы атка конгон. Улуу актёр Вячеслав Тихонов 2009-жылы 4-декабрда 81 жаш курагында каза болгон.
 
* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы Ирандын борбору Тегеран шаарынын аэропортунан учуп чыккан Ту-154М учагы конууга даярданып жаткан Су-24 бомба таштоочу учагы менен кагышып, жерге кулап түшкөн. Учактарда болгон 133 кишинин баары көз жумган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы советтик жана орусиялык актриса Анна Самохина 48 жашында каза болгон. Дарыгерлердин айтуусунда, актриса ашказан рагынан улам дүйнө салган. Самохина өлөрүнөн төрт күн мурун "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" деген наамга ээ болгон. Анна Самохина "Мыйзамдагы ууру", "Дон Сезар де Базан", "Карышкырдын үйүрү", "Кара карга" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.
8-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: