super.kg logo

Бүгүн Ливиядагы теракттан каза тапкан 3 кыргызстандыктын сөөгү Бишкекке алынып келет

 

Ливиядагы теракттан каза тапкан 3 кыргызстандыктын сөөгү бүгүн Бишкекке алынып келет. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын сөөгү Түркияда. Бүгүн кечинде Кыргызстанга келиши күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, 27-январда Ливиянын Триполи шаарындагы "Corinthia" аталыштагы мейманканага террорчулардын куралдуу кол салуусунан жалпы 10 адам каза тапкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салууну бет кап кийген куралчан беш адам ишке ашырган. Чабуул маалында имараттын жанындагы унаа да жардырылган. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз моюнуна алды. Көз жумгандардын арасында АКШ, Франция, Ливия жана Кыргызстандын 3 жараны бар. 

"S.Group International" кыргыз компаниясында эмгектенип келген 28 жаштагы авиаинженер Замир Бекетаев жана Гүлзина Бешбакова, Галина Колосветова аттуу стюардессалар каза тапкан. Кыргызстандык жарандар кезектеги Стамбул-Триполи каттамы менен Ливияга барып, теракт учурунда отелде эс алып жатышкан.

"S.Group International" компаниясы өткөн жылы Airbus A320-200 учагын Триполи шаарындагы "Барак Эйр" ливиялык компаниясына лизингге бергени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.02.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайлары жанатттан болсун
07.02.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жанаттан болсун жаман болуптур.
07.02.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
07.02.2015. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы иш болбоптур жайы жаннат болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: