Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон. Жоомарт Кадыралиевдин каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 сом бөлүндү.
Айта кетсек, 5-февралда Кыргыз Эл сүрөтчүсү, III даражадагы Манас орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жоомарт Кадыралиев дүйнө салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.