Чаткалда алтын казган кытайлык ишкананы карактагандар соттолушту
Чаткалда алтын казган кытайлык ишкананы карактагандар соттолушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул окуя 2014-жылдын 6-сентябрынан 7-сентябрга караган түнү болгон. Анда “Фонта” алтын казуучу ишканасына бет кап кийген эки адам келип, күзөт кызматкерин атып, 5 килограммдан ашык алтынды алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Совет Абдыракманов жана 1979-жылы туулган Бунед Закиров кармалган. Ал эми 24-декабрда Чаткал райондук соту Закировду 13 жылга, Абдыракмановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Учурда кылмышка шектүү үчүнчү жаран Идирис Саидов издөөдө жүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Талкуудан алыстабасаңыз.