Орусиядагы жол кырсыгынан каза тапкан мекендештердин сөөгү бүгүн Ошко жөнөтүлдү
Орусиядагы жол кырсыгынан каза тапкан мекендештердин сөөгү бүгүн Ошко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 9-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, каза тапкандардын сөөгү бүгүн саат 05:50 чамасында Кыргызстандын аймагына өткөн. Саат 07:30да Кара-Балта шаарынан Ошко жөнөтүлгөн.
Айта кетсек, жол кырсыгы 5-февраль түнү болгон. Анда Урал унаа жолунун 14-чакырымында жүк ташуучу унаа менен Газель үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 7 адам жабыркап, 5 адам каза болгон. Каза болгондор Кыргызстандын жарандары.
Каза тапкандардын тизмеси:
1979-жылы туулган Акым Маминов;
1959-жылы туулган Бахретдин Шарипов;
1998-жылы туулган Шерали Нажимутдинов;
1995-жылы туулган Көчкөнбай уулу Исломбек;
Исламбек Кусумбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kairatmyn

09.02.2015. 12:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун, топурактары торко болсун. карангы горлору жарык болсун. Кандай билип билбей жасаган куноолору болсо Алла таалам сурак жоопторун женил кылып куноолорун кечирсин АМИИНЬ
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.