Оор абалда жаткан 2 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнөн неврология бөлүмүнө которулду
Буга чейин катуу сабалып жана зодукталган 2 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнөн неврология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасы аркылуу "Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
"Баланын абалы дале оор бойдон калып жаткандыгына байланыштуу аны караганга 3 медициналык кызматчы аял керек болуп жаткан. Учурда алар табылып, баланы карай башташты. Дарыгерлердин айтымына караганда, баланын эсине келүүсү үчүн жана мурунку калыбына кайтуусу үчүн дагы 3-6 ай талап кылынат. Азырынча дарыгерлер анын абалы кандай болору тууралуу эч кандай божомол жана кепилдик бере алышпайт. Бала бутуна туруп кетет деп ишенебиз" деп жазылган маалыматта.
Маалыматка ылайык, учурда баланы кезек-кезек менен 3 медициналык кызматчы кароодо. Алар айына 12 миң сом айлык алышмакчы.
Эске салсак, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран жана анын аялы эки айга камакка алынган. Андан көп өтпөй баланын атасы да камакка алынган болчу. Ал эми 2 жаштагы бала 11-январдан бери жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
girlzat

09.02.2015. 16:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетсин ылайым,жадырап жайнаган ссуротун коройлу,кудайым шыпаасын берсин ылайым
Kalin466

09.02.2015. 16:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала комадан чыкты беле? Ким билсе жазып койгулачы.
Naimanka-kg

09.02.2015. 18:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жааным менин. Аллах шыпаа берсинчи сага.
Naimanka-kg түзөттү 09.02.2015 18:13
bema_bema

09.02.2015. 18:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ рахмат билип бергенинер учун.Шириним айыгып кетсен экен шыпаасын берип.
kadam

09.02.2015. 22:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тактап кетейин: Баланы күнү-түнү кароо үчүн медициналык билими бар адамдар сырттан жалданды.Демейки учурда мындай түйшүк апасына жүктөлмөк. Тилекке каршы....??? Жарык дүйнөгө алып келгени гана болбосо, андан жардам жок.
mila6ka

09.02.2015. 22:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсе экен байкушум оз баламдай кайгырып коргон сайын ыйлап жатам
Manasemetei

10.02.2015. 03:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai ozun jardam bere kor.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.