super.kg logo

Бишкек мэри эл менен жолугуп, аймактык инспекторлордун жумушун жана башка маселелерди талкуулады

 

Бишкекте мэр Кубанычбек Кулматов Бишкек ШИИББинин кызматкерлери жана Салам-Алик аймагынын тургундары менен жолугушту. Мэриядан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө аймактык инспекторлордун калк менен жүргүзгөн жумушу жана башка маселелер талкууланды.

Анда катышуучулардан Жаш Гвардия, Щербаков, Карагай жана Күрөңкеев көчөлөрү боюнча канализация маселеси көтөрүлдү. Алардын айтымында, бул суроо боюнча шаардык кеңештин депутаттарына кайрылышкан, бирок маселе чечиле элек. Шаардык кеңештин депутаты Алмаз Кененбаев суроого жооп берип, бул жаатта жумуштар аткарылып жатканын кошумчалады. Ошондой эле аймактык инспектор да сөз алып, аталган аймактагы кырдаал боюнча ой бөлүштү. 

Кошумчалай кетсек, жолугушуу мэр Кубанычбек Кулматов, шаардык кеңештин депутаты Алмаз Кененбаев, Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиевдин, тургундардын жана башкалардын катышуусунда өттү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.02.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмааттуу Кубанычбек мырза! Эмне үчүн шаарыбыздын Фучик көчөсүнөн баштап Киркомстромго чейин жакшы каралбай келет? Же бул аймак шаарга кирбейби. Тактап айтканда, түнкү жарыктандыруу аябай эле начар абалда. Мисалы, шаардан жакшы эле болуп келатып, Чүй проспектиси бүтүп, ошонун эле уландысы болгон Ден Сяопин көчөсү болуп башталган жерден тарта Киркомстромго чейин жарыктандыруунун аты эле болбосо бүлбүлдөп араң эле жарык кылат.
09.02.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан сырткары, ошол эле аймакта жолдордун абалы да мышык ыйлай турган абалда. Шаардын башка жактарын жамап-түзөө болгонун көрүп эле жүрөбүз, бирок мен айтып жаткан аймакта жарытылуу иш кылына элек. Мисалга алсак, Профсоюз көчөсүндө унаа эмес жөө адамдар жүрүүгө ыңгайсыздыктар жаралды. Ал көчөдө шаардык БАТП жайгашкан. Автобазага барган автобустардын жүрүүчү бөлүктөрүнүн эле шору болуп жатат, эгер элдин кыйналганын айтпаганда да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: