super.kg logo

Ош. Достук аймактык кеңешинде суу сактагычтын курулушу башталып, капсула салынды

 

Ош шаарынын Достук аймактык кеңешиндеги 6000 куб метр суу сактагычтын курулушу башталып, капсула салынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Капсула салуу аземинде шаар мэри 2016-жылы Ош калаасынын бардык аймагы үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз боло тургандыгын баса белгилеп айтты.

"Ош шаарынын мэриясынын буга чейинки аракеттеринен жыйынтык чыкпай келген. Өткөн жылдан бери шаардыктарды таза суу менен камсыз кылууга кылган акыркы аракеттерибиз өз жемишин берип, мурда курулуп, бирок толук иштебей турган 6000 куб метр көлөмдөгү резервуарды реконструкциялоого жана ушул эле көлөмдөгү 2-резервуарды курууга жетиштик. Учурда бул эки резервуарда иш жүргүзүлүп жатат. Бирок бул экөөнө чогултулган суу Ош шаарын ичүүчү суу менен толук камсыз кыла албагандыктан, бүгүн 6000 куб метрлик 3-резервуарды куруу алдында турабыз. Анын сметалык баасы 54,9 миллион сомду түзсө, ачык-айкын мыйзам чегинде өткөргөн тендердин негизинде 40,9 миллион сомго курулат. Үч резервуардагы жалпысынан 18 миң куб метр таза суу Ош шаарына толугу менен жетет",- деди А.Кадырбаев.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов жана шаар тургундары катышты. Үч резервуардын монтаждоо-курулуш иштери ушул жылдын сентябрь айында аяктап, пайдаланууга берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.02.2015. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул да жакшы кабар,,бирок убакыт отуп артынан жаман кабар чыкпаса экен,,,чыгарба десем акча кетирип суу чыгарды ошко деп.интерполго биздин жалан элге пайдасы тийген адамдар берилет...анан акча карызбыз таап бербей атат деп коебуз артынан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: