super.kg logo

Өкмөт менен Улуттук банктын жарандардын насыялык карыздарын жоюу жаатындагы иштери талкууланды

 
Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде өкмөт менен Улуттук банктын жарандардын насыялык карыздарын жоюу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат угулду. 

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, өкмөт Улуттук банк менен бирге Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу багытында коммерциялык банктар тарабынан 155 адамдын берилген жалпы өлчөмү 453 миллион сомдук 195 насыя карызы боюнча иш алып барды. 

"Бардык насыя карыздарынын жөн-жайы иликтенип чыкты. Бир катар насыя карыздарын төлөө мөөнөтү узартылып, карыздарды төлөөнүн ийкемдүү графиги түзүлдү, алардын туумдары убактылуу токтотулуп турат. Өкмөт өкүлү 15 адам коммерциялык банктарга 8 миллион сом карызын төлөөдөн таптакыр баш тартып жатканын белгиледи. Ал тизмеге "Адилетке жол" коомдук уюмуна эч тиешеси жок адамдар дагы киргизилип калганын билдирди. Муну Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов да тастыктады. “Токтомдо карыздар республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жабылсын деген талап бар экен, бул мыйзамга каршы келет. Ал адамдарды насыя алгын деп эч ким мажбурлаган эмес",- дейт ал. 

Жыйынтыгында өкмөт менен Улуттук банктын алгылыктуу аракеттери белгиленип, калган насыяларды жабуу жаатында коммерциялык банктар менен бирге бул багыттагы иштерди улантуу тапшырмасы берилди. Аларды, керек болсо, саясий чечим кабыл алууга чейинки чараларды көрүүгө чакырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: