super.kg logo

“Түндүк электр” ишканасынын абоненттери январь айында каралган электр энергиясынан 12,86 пайыз үнөмдөштү

 

“Түндүк электр” ишканасынын абоненттери январь айында каралган электр энергиясынан 12,86 пайыз үнөмдөштү. Бул жаатта акыркы айда электр энергиясынын керектелиши төмөндөгөнү катталган: январь айында 839,4 миллион кВт-саат каралса, бөлүштүрүү компаниясынын абоненттеринин керектөөсү 731,4 миллион кВт-саатты түзгөн. Бул 2014-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 138,3 миллион кВт-саатка төмөндөгөнүн тастыктайт. Чүй облусу боюнча каралган 388,6 миллион кВт-сааттан (өкмөттүн №649-токтомуна ылайык) 332,3 миллион кВт-саатка жакын электр энергиясы пайдаланылган. Ал эми Бишкекте да 373,2 миллион кВт-саат каралса, бишкектиктер январь айында 335,9 миллион кВт-саат электр энергиясын керектешкен. Талас эли каралган 77,5 миллион кВт-сааттын 63,3 миллион кВт-саат электр энергиясын керектешкен.

Жыйынтыгында Чүй облусунун керектөөчүлөрү 14,50 пайыз энергияны үнөмдөшкөн. Ал эми Бишкекте 10 пайыз, Таласта 18,40 пайыз үнөмдөлгөн. 

Жалпы “Түндүк электр” ишканасы боюнча январь айында 108 миллион кВт-саатка жакын электр энергиясы үнөмдөлгөн, башкача айтканда, каралган электр энергиядан 12,86 пайызга төмөндөгөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.02.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уномдогону менен кымбат болуп жатса уномдогонун эмнеси пайда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: