super.kg logo

Өлкөдөгү ири жаза өтөө мекемелерине жана тергөө изоляторлоруна видеокөзөмөл жабдуулары орнотулду

 

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тарабынан тергөө изоляторлоруна жана ири жаза өтөө мекемелерине онлайн режиминде каралып жана жазылып турган видеокөзөмөл системи менен жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

"Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы мындай чарага буга чейин айтылып келген ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында барууда. Бул жагдай жазасын өтөп жаткандар жана жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттердин жоюлушуна өбөлгө болот. Учурда видеокөзөмөл Оштогу жаза өтөө мекемелерине жана Чүй облусундагы тергөө изоляторлоруна, ошондой эле жаза өтөө мекемелерине толугу менен орнотулуп бүттү",- дейт Э.Сабатарова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: