9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Эрлан Андашев "Сүйүп калдым кантейин"
Жүктөлгөн: 2020-07-06
Текст
Ошол күнү толкунданып отурдум,
Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|