9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Гүлнур Сатылганова "Асман"
Жүктөлгөн: 2011-12-01
Текст
Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун. Эли жерин көктөн колдоп турганга, Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын. Кайырма: Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың, Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың. Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп, Жашап келет, ачык асман эл тилеп. Көз алдыңан канча заман өтсө да, Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп. Кайырма: Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың, Ай жылдыздар айланса да жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың... Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат? Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат. Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры, Мен ишенем, жаным сенден жай табат. Кайырма: Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың, Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, адамдардын тардыгына ыйлайсың...
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|