super.kg logo

Юлия Руцкая "Кызыл гүл, менмин кызыл гүл"
Жүктөлгөн: 2010-08-02
Текст
Уланып ойноп жашынмак,
Убакыт учту закымдап.
Өзүңө жүрдүм берилип,
Өзгөчө сүйүүм калыңдап.
Ак тилек ойду бекиттик,
Ак сүйүү оту жалындап.

Ак таңдай болуп нурданып,
Ак гүлдөй болуп ыргалып.
Канчалык катуу айтсаң да,
Каршы сөз айтпай жылмайып.
Жүрөгүм сен деп какчу эле,
Жүзүңдү бурдуң, кимде айып?

Окшошпой күндөр бирине,
Ой басып жүрдүм күнүгө.
Убайга салдың, кантейин,
Уу кошуп тунук сүйүүмө.
Көңүлүң болуп башкада,
Гүл коштуң сүйүү гүлүнө,
Таш коштуң сүйүү гүлүнө.

Кызыл гүл менмин, кызыл гүл,
Кылчайбайм эми өзүң бил.
Ачылган сендик гүл элем,
Агарбай калды эми дил.

Табигат берди жардамын,
Таңшы деп талбай, кызыл гүл,
Кыйнадың, кантем, өзүң бил.
Кызыл гүл менмин, кызыл гүл.
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;