9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Самара Каримова "Оо, Жараткан, сактай көр!"
Жүктөлгөн: 2015-07-27
Текст
Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой,
Оо, Жараткан суранычым угуп кой. Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр! Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой, Оо, Жараткан жалынычым угуп кой. Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр! Жаратканым өтүнүчүм угуп кой, Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой. Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды сактай көр! Ата-энемди, бир тууганды сактай көр! Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|