9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Гүлжигит Сатыбеков "Көз жаш"
Жүктөлгөн: 2010-05-14
Текст
Кат жаздым жан адамга окутпадым,
Болду эми жүрөгүмдү оорутпагын. Сүйүүдөн көңүл калды, сенден дагы, Кайрадан күлүмсүрөп жолукпагын. Кайырма: Сага да, махабатка таарынамын, Бактылуу күндөрүмдү сагынамын. Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп, Бир тамчы көз жашыма арзыбадың. Мен сага алданыпмын, алданыпмын, Бал ширин сөздөрүңө арбалыпмын. Ыйык деп махабатты, сени дагы, Ишенип бир өзүңө байланыпмын. Кайырма: Сага да, махабатка таарынамын, Бактылуу күндөрүмдү сагынамын. Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп, Бир тамчы көз жашыма арзыбадың. Көңүлсүз күндөр өттү, күндөр өттү, Жүрөктө сага деген сезим өчтү. Кирпикке жашыра албай тамчыларым, Каректер жамгыр сымал жашын төктү.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|